17 апрель 2026

Кароолор: 3

Р6 каналына эртең суу берилет

Р6 каналына эртең суу берилет

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөн каналдын абалын көрүп чыкты.

Облус башчысы оңдоп түзөө жумуштары аяктагандыгына байланыштуу, эртең 18-апрелде каналга суу берүүнү тапшырды.

Баткен районунун жана Баткен шаарынын аймагынан агып өткөн сугат каналынын жалпы узундугу 15,500км. Курулуштун биринчи этабында анын 9,8км оңдолду.

Буга чейинки сыйымдуулугу 3,7 куб болгон сугат каналы, оңдоп түзөөдөн соң 4,8кубка көбөйөт.

Республикалык бюджеттин эсебинен 463 млн сом каралган.

Курулуш 2026-жылдын январь айында башталган. Сугат мезгилине чейин курулуштун 1- этабы жүрдү. Алдыда сугат мезгилинен кийин 2 этабы жүрөт.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы